Илон Маск X социалдык тармагын өзүнүн xAI компаниясына 33 млрд долларга сатты
Америкалык миллиардер Илон Маск өзүнүн жасалма интеллект багытында технологияларды иштеп чыккан xAI компаниясы Х социалдык тармагын 33 млрд долларга сатып алганын билдирди. Анын айтымында, бул келишимден кийин xAI компаниясынын баасы 80 млрд долларды түзөт.
“xAI жана Xтин келечеги бири-бири менен тыгыз байланышта”, - деп жазды Маск.
Reuters агенттигинин жазганына караганда, xAI менен X'тин өкүлдөрү келишим тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Агенттик бул операциянын чоо-жайы, тактап айтканда...