"Патент баасы мурдагыдан жогору болот"
Өкмөт чакан бизнеске патент системасын кайтара турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айтты. Патент системасы 2024-жылы жоюлуп, муну ошол кездеги өкмөт салыктык ачыктыкты камсыз кылуу максаты менен байланыштырган.