Шыкмаматов Салык кодекси өзгөртүлүп, базар жана чакан бизнес патентке өтөрүн билдирди
Чакан бизнести патент системасына кайтаруу боюнча жарлыктын долбоору даярдалып жатат. Ага ылайык, патенттин баасы жогорулап, кирешеге жана аймакка жараша төлөнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, документке чакан жана орто бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү максатында бир топ чара көрүү камтылган.
“Ал базарларга жана чакан ишкерлерге, соода-сатыкка кирет. Ошондо патенттин баасы мурдагыдан жогору болот. Патент менен иштегендер кирешесине жана аймагына жараша төлөшөт.