"Азаттык" радиосу каржы маселелери боюнча сот иштерин улантууда
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) каршы соттук ишин улантууда. Бул тууралуу 28-мартта радионун жетекчилиги тараткан билдирүүдө белгиленет.
USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жана башка Американын бир катар эл аралык медиасын көзөмөлдөйт.
15-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган.