Рахмон электр энергиясын уурдагандарды камоону сунуштады
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн жыйынында электр энергиясын төлөбөгөндөргө жана уурдагандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Рахмон электр энергиясы натыйжасыз пайдаланылып жатканына жана күз-кыш мезгилинде нормадан ашыкча коротулушуна тынчсыздануусун билдирди. Ал тиешелүү кызматкерлерге энергетика тармагындагы кемчиликтерди жоюуну жана электр уурдоону алдын алууну тапшырды.
Жыл сайын Тажикстандын тургунда электр жарыгынын утур-утур өчүшүнө даттанып келишет.