"Эшик-терезелер кычырады". Таласта жер титирөөнүн кесепетин аныктоо иши жүрүүдө
28-мартта Казакстандын аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудага жеткен жер титирөө болду. Силкинүү күчү Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) азыркы тапта кырсыктын кесепетин тактоо иштерин жүргүзүп, дубалдарынан жарака кеткен үйлөрдү каттап жатат.