Литвада жоголгон төрт америкалык аскерди издөө иштери уланууда
Литвада төрт америкалык аскерди издөө уланып жатат. Кошмо Штаттардын Европа жана Африкадагы армия командачылыгынын маалыматына ылайык, аскерлер бараткан M88 Hercules түрүндөгү оңдоо-эвакуациялоо техникасы полигондогу суу сактагычтан табылган.
Литванын президенти Гитанас Науседа жоголгондорду издөө уланып жатканын билдирди.
"Аларды тапкыча үмүтүбүздү үзбөйбүз, үй-бүлөлөрүнө, кесиптештерине жана издөө иштерине катышып жаткандардын баарына колдообузду көрсөтөбүз", – деп жазды Науседа X социалдык түйүнүнө.