Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11 млрд сомдон ашты
Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2024-жылы 11,4 млрд сом (130,3 млн долларды) киреше тапты. Анын 94% экспортко туура келет.
Аталган уюм тараткан маалыматта, 2023-жылы экспорттун көлөмү 7,8 млрд сом (89,1 млн доллар) болсо, былтыр ал 10,67 млрд сомго (122 млн доллар) жетип, жалпы кирешенин 93,6% түзгөн.
"2024-жылы ЖТПнын мүчөлөрүнүн саны 24,5% көбөйүп, киреше 46% өстү. Жумуш орундарынын саны 18% жогорулады", - деп жазылган маалыматта.
Уюмга 2023-жылы 383 компания мүчө болсо, учурда алардын саны 477.