Гагаузиянын башчысы Евгения Гуцул Кишинев аэропортунан кармалды
Молдовага караштуу Гагаузия автономиясынын лидери Евгения Гуцул 25-мартта Кишинев аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Гуцул Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, 72 саатка камакка алынганы маалым болду.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун молдован кызматы жазды. Маалыматты Коррупцияга каршы улуттук борбордун басма сөз катчысы тастыктады.
"Прокурорлор Гуцулга коюлган расмий айып менен 26-мартта тааныштырышы керек", - деп айтылат...