Аялуу баласы бар энелерге акысыз юрист берүү мыйзамы экинчи окуудан өттү
Майыптыгы бар балдардын ата-энесине акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Жогору Кеңеште экинчи окуудан өттү.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелерине же камкорчуларына акысыз кесипкөй юрист берүү тууралуу мыйзам долбоорун 19 депутат алып чыккан.
Авторлордун бири Айсулуу Мамашова 26-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, аялуу балдары бар көпчүлүк ата-энелер каржылык тартыштыкта жашайт, мындан улам ажырашкан учурда юрист жалдоого кудурети жетпейт.
"Мыйзам майыптыгы...