Лукашенко ант берип, жетинчи мөөнөткө киришти
Александр Лукашенко 25-мартта ант берип, Беларустун башчылыгына жетинчи ирет киришти. Укук коргоо уюмдары анын бийлигин "конституцияга каршы" деп мүнөздөштү.
Лукашенко 26-январда өткөн президенттик шайлоодо 86% ашуун добуш алып жеңүүчү деп жарыяланган. Ал өнөктүк Батыш өлкөлөрү тарабынан жасалма деп сынга алынган.
"Шайлоо адам укуктары терең кризисге кептелген шартта, жарандык коомго, көз карандысыз медиаларга, оппозицияга жана бардык башка көз караштагыларга басым-кысым күчөгөн, тоталдык коркунуч атмосферасында өттү," ...