Автобуста бөбөк араба үчүн жол кире тууралуу түшүндүрмө берилди
Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаменти коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире талап кылынганы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин 25-мартта “Азаттыкка” билдиришинче, бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы кабыл алган токтому бар.
Ал документке ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн узуну 1 метр, туурасы 50-60 сантиметрден ашса же салмагы 40 килограммдан көп болсо 17 сом кошумча жол кире төлөшү керек. Бул талаптан бөбөк арабалары бошотулган эмес.
“Ар кандай көлөмдөгү коляскалар бар.