26-марттын аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт
Шашылыш билдирүү:Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.
25-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо сунушталат.