"Ынтымак ордонун" жанындагы жер талаш
Бишкектин бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн жерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп атап, менчик укугу бузулуп жатканына нааразы.