24-март: Элдин эркиби же "ак сарайдагы төңкөрүшпү"?
"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхта калган Март окуясына 20 жыл болду. 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу нааразылыктын арты бийлик алмашууга алып келген. Саясий системага нааразы болгон эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлигин кулаткан.