Сокеев Суу ресурстары кызматынын директору кызматынан бошотулду
Алмазбек Сокеев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорлугунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун 24-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ал 21-февралда президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында өткөн өкмөттүн жыйынында эле кызматтан алынганы айтылган. Бирок Алмазбек Сокеев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын...