Газа: Cоңку соккулардан 25тен көп кишинин өмүрү кыйылды
24-мартта Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан 25тей кишинин, анын ичинде бир нече аялдын жана баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү үч оорукананын өкүлдөрү билдирди.
Израил аймактагы ок атышуу макулдашуусун бузуп, күтүүсүз бомбалоону баштаганына туура бир жума болду.
23-мартта ЦАХАЛдын күчтөрү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алганы кабарланды. Ал жакта миңдеген тургун чыга албай калганын жергиликтүү өкүлдөр билдирди. Израиль Тель ал-Султан районунун тургундарына шаардан жөө чыгып...