Эреже бузган айдоочулар тапшыра турган сынактын тартиби боюнча маалымат берилди
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан сынактан өткөрүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмө берди. Ал “Биринчи радионун” эфиринде айдоочу жол эрежесин үч ирет одоно бузса квалификациялык сынак тапшырарын айтты.
“Теориялык сынакта 20 суроо берилет. 25 мүнөттүн ичинде анын 18ине туура жооп берген адам сынактан өтөт. Андан соң практикалык сынак бар.