Рим папасы ооруканадан чыгары кабарланды
Рим папасы Франциск Римдеги госпиталдан жекшемби күнү чыгары белгилүү болду. Бул тууралуу ишембиде өткөн брифингде понтификти дарылап жаткан догдурлардын консилиумун жетектеген профессор Серхио Альфьери билдирди.
88 жаштагы Католик чиркөөсүнүн башчысы февраль айынын ортосунда Жемелли клиникасына дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясы менен түшкөн. Айрым маалыматтарда ал кайсы бир убакка чейин өлүм алдында жаткан.
Vatican News Франциск жекшемби күнү өзүн оорукананын жанында күтүп, сыйынып тургандарга...