ТИМ Вьетнамда оор абалда жаткан кыргызстандык тууралуу маалымат берди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Вьетнамда оор абалда табылганы айтылган кыргызстандыкка байланыштуу маалымат таратты. Мекеме 22-мартта билдиргенине караганда, 19-мартта 50 жаштагы С.А. аттуу Кыргызстандын жараны Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, ооруканага жеткирилген, денесинде олуттуу жаракаттар бар экени аныкталган.
ТИМ кыргызстандыктын абалы туруксуз экенин белгилеп, Хошимин шаарындагы медициналык мекемеге көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кабарлады.