Түркияда Стамбул мэринин кармалышына каршы акция уланды
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы нааразылык уланды. Би-Би-Си маалымдагандай, 22-мартка караган түнү да жүз миңдеген киши көчөгө чыгып, Имамоглуну жана аны менен кошо кармалган жүзгө жакын саясатчыны, журналистти жана ишкерди эркиндикке чыгарууну талап кылышты.
Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган өкмөт "вандализмге" жана "көчө терроруна" багынып бербей турганын, коомдук тартиптин бузулушуна жол берилбесин айтты.
Имамоглуга жемкорлук жана террордук топторго көмөктөшүү тууралуу айып тагылып...