ЮНИСЕФ "Талибанды" ооган кыздарына окуусун улантуу укугун берүүгө чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (UNICEF) Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтүн кыздардын башталгыч мектептен кийинки билим алуусун улантууга тыюу салган чечимин тез арада жокко чыгарууга чакырды. Фонддун 21-марттагы билдирүүсүндө эгер мындай чектөө улана бере турган болсо келерки беш жылда Ооганстанда 4 миллион кыз билим алуу укугунан ажырай турганы белгиленди.
Фонддун аткаруучу директору Кэтрин Рассел ооган кыздарынын окуп, орто билим алуу укугунан ажырашы менен миллиондогон кыздын келечегине балта чабылып жатканын...