Израил аскерлерине Газадагы операцияны күчөтүүнү буйруду
Израилдин коргоо министри 21-мартта Газа тилкесиндеги аскерлерине аймакка тереңирээк кирүүгө буйрук бергенин жарыялап, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) барымтасындагы туткундар бошотулганга чейин аймакты көзөмөлгө алып турууну тапшырды.
Жума күнү Газадагы кырдаал боюнча сүйлөп жатып, коргоо министри Иcраэл Кац операциялар “ХАМАС туткундарды бошотконго чейин улам күчөй берет” деп билдирди.
Стратегиялык мааниге ээ болгон Нетзарим коридорунун бир бөлүгүн кайра көзөмөлгө алгандан кийин...