Газа: Израилдин соккусунан 85 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды
Газа тилкесинин саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматына ылайык, Израилдин түнкү жана бейшембинин таңындагы аба соккуларынан кеминде 85 адам каза болду.
Бир нече сааттан кийин ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму Израилге үч ракета атты, эч ким жабыр тартпаганы кабарланды.
Бул ракета чабуулу Израил армиясы шейшемби күнү Газаны күтүүсүз бомбалап, ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери биринчи жолу болду.
Израилдин аскерлери Газанын түндүк бөлүгүнө, анын ичинде Газа шаарына блокаданы кайра киргизди.