Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды, Мексика алдыңкы ондукта
Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө катары сегизинчи ирет таанылды. Адистер мунун негизги себептери деп табият менен таттуу мамилени жана күчтүү социалдык камсыздоо системасын аташты.
Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен даярдалган быйылкы "Дүйнөлүк бактылуулук" баяндамасынын корутундусунда Финляндиядан кийинки орундарга үч Скандинавия өлкөсү жайгашты. Ошондой эле Латын Америкасынын Коста-Рика жана Мексика өлкөлөрү биринчи жолу алдыңкы ондукка кирди. Эксперттердин айтымында, бул эки өлкөнүн...