ИИМ журналист Мамыркулова соцтармактагы билдирүүлөрүнөн улам кармалганын ырастады
Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты...