Азык-түлүктүн баасын себепсиз көтөрүп жиберген сатуучуларга жана ишкерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бааларга байланыштуу өткөргөн жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы 1-февралда кабарлады.
Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин белгилеп, бааларды көзөмөлгө алуу, комплекстүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын айткан.
Жыйында айтылгандай, Экономика жана коммерция министрлиги...