Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 29-январда кол койгон меморандумга ылайык, Кубадагы Американын Гуантанамо аскер-деңиз базасы он миңдеген мигранттарды кабыл алууга даяр болуш керек.
Бул тууралуу CNN жана Reuters агенттиктери жазды. Тапшырмага караганда, "Америка эли үчүн коркунуч жараткан криминалдуу мигранттарды" камакка алуучу жайларды Пентагон жана АКШнын ички коопсуздук министрлиги камсыздашы зарыл.
"Элдин көбү керек болсо бул тууралуу билбейт. Кылмышкер-мигранттарды камоо үчүн Гуантанамодо 30 миңдей орун бар",- деди Трамп.