Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын К.С.А. аттуу жараны Ооганстандан алып келинген баңгизатты алуу жана таратууга шектелип кармалганын билдирди. Мекеменин 30-январдагы маалыматына караганда, шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылынын аймагында колго түшкөн. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 800 грамма болгон баңгизаты табылган.
УКМК баңги каражаттарды алуу жана таратуу каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында...