Скончался режиссёр сериала «Дата Туташхиа» Гизо Габескирия
Концерт «Квартирник. 90-е», спектакль «Женские штучки» и «Волшебник Изумрудного города» в кино: афиша
Мозаику со здания бывшего завода «Москвич» отреставрируют
Порядка 3 млн рублей заплатят УК Подмосковья за нарушения прав граждан
Түштүк-Чыгыш Азиядагы цунами апаатынын 20 жылдыгы эскерилүүдө
Инд океанындагы кыйратуучу цунаминин 20 жылдыгы эскерилүүдө. Бейшембиде Түштүк-Чыгыш жана Түштүк Азиянын жер-жеринде аман калгандар жана курман болгондордун жакындары чоң көрүстөндөргө барып, гүл коюп, шам жагышты. Апаатта 230 миңден көп киши көз жумган, жүз миндеген турак жай, имараттар кыйраган, эки миллионго жакын киши үй-жайсыз калган, жүз миңдегени жер которууга аргасыз болгон.
2004-жылы 26-декабрда болгон цунамиге Индонезиянын Суматра аралынын жанында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө алып келген.