Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыктын” кабарчыларынын милиция бөлүмүнө жеткирилген себеби тууралуу билдирүү таратты.
Анда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 4-августта чыгарган чечимге ылайык митинг, нааразылык акцияларын, пикеттерди жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө чектөө бар экени белгиленип, 23-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын №21 түзөтүү мекемесинин жанында топ адамдын катышуусунда сот чечимин бузуу менен нааразылык акциясы өткөнү маалымдалат.
“Аталган...