“Социал-демократтар” партиясынын президиуму 18-декабрда партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбековду ачкачылыкты токтотууга чакырды. Билдирүүдө Султанбековдун ачкачылык жарыялаганына 35 күн болгону, “ал чындык, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн күрөштө чечкиндүүлүгүн көрсөткөнү” белгиленген.
“Биз ар бирибиз Темирланга бир нече ирет адвокаттары аркылуу да, жеке өзүнө да кат менен кайрылып, ачкачылыкты токтотуусун суранганбыз. Эми анын ден соолугуна коркунуч жаралып жатканда, биз расмий чечим кабыл алууга аргасыз болдук.