Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 17-декабрда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү” боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор биринчи окуудан өттү.
Анын демилгесиси депутат Медербек Алиев баңгизатты жарнамалагандарга жазаны күчөтүү жана башка чаралар каралганын билдирди.
“Жарнама жана баңгиликке чакырууга болгону айып пул каралган. Биз айып пул эмес, соттоп, түрмөгө отургузууну сунуштап жатабыз.