Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полиция 3-декабрга караган түнү нааразылык акциясына чыккандарды көздөн жаш агыза турган газ жана суу бүркүп таратты.
Төрт миллион калкы бар бул өлкөдө бийликке каршы толкундоолор бешинчи түн катары менен уланды. Демонстранттар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылык билдирүүдө. “Азаттыктын” грузин кызматы жазгандай, бул түнү да көп адам кармалды. Алардын соңку саны азырынча белгисиз. 2-декабрда жалпы камалгандардын саны 224кө жеткени кабарланган.