Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшүп, документ 29-ноябрда каттоодон өттү.
Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери...