Бишкекте 10 айда мопед, скутер аралашкан жол кырсыгынан 10 адам каза болду
Бишкек шаарында соңку 10 ай ичинде эки дөңгөлөктүү автоунаа каражаты аралашкан 503 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 550 адам түрдүү жараат алган.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Маалыматка караганда, шаардын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Glovo компаниясынын жетекчилери жана айдоочулары менен жолуккан. Анда айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын...