Жалал-Абад шаарынын тургуну Гулзада Калыкова дары чөптөрдөн экосамын жасап, чакан ишкерлигин кеңейтип жатат. Убагында химия сабагынан мугалим болуп иштеген аял турмуш-шарттын айынан Орусияга кетип, ал жакта он жылдай эмгектенген. Андан соң ден соолугунан улам мекенине кайтып келип, кесиби боюнча ишин улантып, ишкерликке кадам таштаган.