Суд рассмотрит первое дело о добровольной сдаче в плен российского бойца
В Подмосковье напомнили о правилах утилизации старых шин
Кадыров: Директоров 11 чеченских школ уволили после внеплановой аттестации
Түркия 325 ооган жаранын мекенине кайтарды
Түркия жүздөгөн ооганстандык качкынды мекенине кайтарды. Бул тууралуу 10-ноябрда "Азади" радиосу ооган өкмөтүн башкарып турган "Талибан" кыймылынын маалыматына таянып жазды.
Ооган качкындары жана репатриация иштери боюнча министрлик кабарлагандай, Түркия 300дөн ашуун ооганстандыкты өз өлкөсүнө кайтарды.
Стамбул шаарынан 8-9-ноябрь күндөрү жалпысынан 325 качкын депортацияланып, Ооганстанга учак менен жеткирилгени тууралуу маалымат министрликтин X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жарыяланды.