Алматы: өрт чыккан хостел каттоодон өткөн эмес
Мамлекеттик органдар Алматыда өрт чыккан хостел жөнүндө билбеген, анткени конок жай каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу 30-ноябрда Алматыдагы брифингде өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шерипханов билдирди.
"Бул хостел жөнүндө акимчиликте да, башка мамлекеттик органдарда да маалымат болгон эмес. Өзгөчө кырдаал департаментинин дагы, мамлекеттик органдардын дагы менчик бизнес ишканаларын текшерүүгө укугу жок. Анын үстүнө аталган хостел каттоодо болгон эмес",-деди министр.
30-ноябрдын таңында хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду.