Сеулда 200дөй киши ит фермаларын жабууга каршы чыкты
Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда 30-ноябрда иттерди багып, тамак-ашка колдонууга тыюу салган мыйзамга каршы эки жүздөй фермер нааразылык акциясына чыкты. Алардын айрымдары президенттин катчылыгынын жанына барып, капаска салынган иттерди агытуу аракетин көрүштү.
Буга полиция жол бербей, кагылышуу катталганын Рейтер агенттиги жазды.
Уюштуруучулардын бири, ит этин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Чжу Ен Бон билдиргендей, “саясатчылар бул тармакты жапканга же адамдардын тамак-ашын тескенге акысы жок”.