Ташиев 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайлар жабыларын айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайларды, мончо жана сойкуканаларды уюштургандарга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөө зарыл экенин айтты.
Бул тууралуу ал 30-ноябрда Балыкчы шаарында атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында айтканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
“Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын...