«Росатом» Өзбекстан менен АЭС келишимине кол коюуга чукулдап калганын маалымдады
Өзбекстан менен Орусия АЭС салуу боюнча негизги келишимди даярдап жатканын “Росатомдун” жетекчиси Алексей Лихачев ТАСС агенттигине 28-ноябрда билдирди.
«АЭС куруу келишимин даярдоо соңку баскычта», - деп айтты «Росатомдун» башчысы.
Лихачёвдун сөзүнө караганда, «Росатом» Ташкентке чакан АЭСтин энергоблокторун жана адистерди даярдоо тууралуу кошумча сунуштарды киргизген.
2018-жылы Орусия менен Өзбекстандын өкмөттөрү макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, “Росатом” ишканасы “3+” муунундагы эки энергоблоктон турган комплекс курат.