УКМК Ысык-Көлдө Көлбаевге өтүп кеткен жер тилкеси үчүн төрт киши кармалганын билдирди
Ысык-Көлдүн жээгинде Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагында болгон “Ала-Тоо” эс алуу жайынын жер тилкеси Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) адамдарына өтүп кеткени аныкталганын, бул үчүн төрт киши кармалганын бүгүн 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы Кесиптик кошуундар федерациясынын айрым мүчөлөрү Чолпон-Атада “Ала-Тоо” эс алуу жайынын 2,34 гектар жерин федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарып, кийин бул...