Садыр Жапаров Дубайда климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйында сүйлөйт
Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына үч күндүк иш сапар менен барат.
Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйынына катышат. Иш-чара Дубайда болот.
Конференцияга дүйнө жүзүнөн лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун оош-кыйышын талкуулашат. Садыр Жапаров 1-декабрда сөз сүйлөйт.
2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында...