Жемкорлукка каршы күрөш, кылтакка түшкөн кеңешчилер
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын жетекчисинен "200 миң доллар пара талап кылган" деп атайын кызмат тарабынан кармалып, камакка алынды.
Кыргызстанда буга чейин дагы ар кайсы аткаминерлердин кеңешчилери ири суммада пара менен кармалган учурлар болгон.
Ноябрдын башында президент Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирген.
"Кеңешчимдин жосуну таң калтырды"
Өткөн апта соңуңда президенттин...