Кыргызстанда расмий эсеп боюнча маңзатка көз каранды 7500 киши бар
Кыргызстанда 7 500 киши баңгизат колдонот деп расмий каттоодо турат. Бул тууралуу 28-ноябрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Жылдыз Бакирова парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында айтты.
Комитет отурумунда “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алды.
Жыйында депутаттар Кыргызстан электрондук чылым чеккен өспүрүмдөр көбөйүп баратканын билдирип...