Кыргыз-казак чек арасы: "Ак-Тилекте" 90дон ашык фура өтө албай турат
Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 90дон ашык жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турганын билдирди. Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү өскөнү себеп болду.
“Бул күз мезгилинде азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүнүн өсүшүнө да байланыштуу болуп жатат. Эмесе чек ара өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.