Турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөчү органды аныктоо каралууда
Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда. «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамды ушундай мазмун менен толуктоо тууралуу долбоор бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, 2004-жылы кабыл алынган бул мыйзамга турак жай кооперативи боюнча бир топ кошумча сунушталып жатат:
«Эгер мыйзамды карасаңыз, 24-беренеде Министрлер кабинети...