Эдил Байсалов менен Алтынбек Максүтов президенттен эскертүү алды
Президент Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы 27-сентябрда билдиргендей, мындай чечим Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алуу "жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы үчүн" кабыл алынган.
16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын...