Amazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталууда
АКШнын Федералдык соода комиссиясы дүйнөдөгү интернет гиганты Amazon компаниясын монополияга каршы мыйзамдарды бузду деп каршы сотко даттанды. Reuters агенттиги муну "көптөн күтүлгөн кадам" экенин жазды.
Буга чейин АКШ өкмөтү Alphabet (Google), Amazon, Apple, Meta жана Microsoft компанияларынын саясатына бир нече жолу нааразылык билдирген. Вашингтондун көз карашында, бул компаниялар интернеттин эң кирешелүү сегменттерин ээлеп алган.
Федералдык соода комиссиясы 1,3 триллион долларга бааланган...